Иран атомдук жаңы электр странция курулушун долбоорлоо ишин баштаганын жарыялады

Мамлекеттик ИРНА жаңылыктар агенттиги өлкөнүн атомдук энергия мекемесинин башчысы Мохаммед Саидиге шилтеме берип билдиргенине караганда, жаңы АЭС Ирандын түштүк-батышындагы Дарховин шаарында курулат. Иран Бушер деген жерде Орусиянын жардамы менен курулуп жаткан алгачкы атомдук электр станциясынын курулушун азырынча аяктай элек.