11:05 Жапондордун икебана өнөрү Бишкекте көргөзүлүүдө

Бүгүн Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде кыргыз-жапон маданиятынын жана көркөм өнөрүнүн 3-фестивалы өтүүдө. “Икебана – гүлдөрдүн аранжировка өнөрү” деген аталыштагы бул фестиваль аркылуу көрүүчүлөр жапон элинин байыркы салттуу маданияты менен тааныша алышат. Кечээ 23-августта башталган бул фестивалды Кыргызстандагы Жапония элчилигинин колдоосу менен “Икебана-Интернэшнл” бейөкмөт уюму, Г.Айтиев атындагы сүрөт музейи уюштурган. (AJ)