10:25 Искусство жана маданият жаатындагы үчүнчү кыргыз-жапон фестивалы башталды

Фестивалдын ачылыш аземи бүгүн Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтөт. Ага кыргыз-жапон аралык достук коомчулугунан жана «Икебана интернэшнл» бейөкмөт уюумунан өкүлдөр катышат. Фестивалда икебана жасоо боюнча мастер – класстар өткөрүлөт. Уюштуруу комитети мындай иш-чаралар эки тараптын маданий алмашууларын өркүндөтөт деген ишенимде. Фестивал эки күнгө созулуп, ачык эшик алдында өтөт. (EK)