Рохулла Никпай ушул шаршембиде Бээжинде таеквондодон коло медаль алган эле. Президент Карзайдын жардамчылары 21 жаштагы спортчуга президенттен турак үй белекке берилээрин бышыктады. Ооганстан 1964-жылкы Олимпияда оюндарында күрөштөн бешинчи орун алгандан бери андан жогорку көрсөткүчкө жете элек болчу. Бээжинде азыр Никпай менен кошо дагы үч ооган спортчулары мелдештерге катышып жатат.