18:40 БШК учаскалык комиссиянын мүчөлөрүн шайлоого даярдоодо

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-октябрга белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүшүүдө. Учурда областык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө “каскаддык” система боюнча тренингдер жүрүүдө. Тренинг республика боюнча 15-сентябрга чейин уланып , анда 2000 чакты участкалык комиссиянын 24 миңден ашык мүчөсү билим алат. Окуттуу шайлоо процедуралары боюнча өтүүдө.(ImA)