Spanair авиакомпаниясына тийешелүү учакта 164 жүргүнчү жана экипаждын тогуз мүчөсү болгону кабарланууда. Испаниянын Өнүгүү министри Магдалена Алварес айым кырсыктан 19 адам гана аман калганын билдирди. Министрдин айтымында, Канар аралдарына багыт алган учак жерден көтөрүлүп жаткан учурда кырсыкка учураган.