Курултайдын датасы, күн тартиби сентябрдын аягында боло турган Коомдук парламенттин отурумунда аныкталат. Бул тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылынын кечээ өткөрүлгөн жыйынында айтылды. Жыйында ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий-экономикалык-социалдык кырдаал талкууга алынып, анын негизинде билдирүү кабыл алынды. Билдирүүдө Кыргызстанда ар тараптуу кризис жүрүп жаткандыгы айтылып, анын катарына азык-түлүк, отун-энергетика, баа маселелери, сөз эркиндигинин кысымга алынышы, жеке пикир үчүн куугунтуктоонун күчөгөндүгү белгиленген.(ZKo)