16:38 Кышка даярдык боюнча өкмөттүк комиссия ишин жыйынтыктоо алдында турат

2008-2009-жылдардагы кышкы сезонго даярдык көрүү боюнча өкмөттүк комиссиянын түндүк регион боюнча бөлүгүн биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев, ал эми түштүк регион боюнча өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков жетектөөдө. Комиссия 26-августка белгилеген суу-энергетикалык абалды турукташтыруу жана кышка даярдык боюнча респубилкалык штабдын жыйынында жасалган иштер тууралуу маалымат берет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Азыркы мезгилге карай Токтогул суу сактагычында 9 миллиард куб метрден көбүрөөк суу топтолгону, ал эми Бишкек ТЭЦине 40 миң тонна көмүр жыйналганы маалым. Бул көрсөткүчтөр өтө аз.Ошондуктан өкмөт электр энергиясын пайдаланууга бардык жактарда чектөөлөрдү киргизүүдө.(AiT)