Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин документте Орусия жана Грузия кол коюлган 6 пункттан турган план дагы камтылышы керектигин айтты. АКШ жана Европанын колдоосуна ээ болгон Грузия Франция сунуш кылган долбоорду кабыл алууга үндөп, тараптар кол койгон тынчтык планына карабастан орусиялык күчтөр Грузияда кала берүүдө деп белгиледи. Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү катары Орусия вето салуу укугуна ээ болгондуктан бул долбоор добушка коюлган жок.