7:00 Бүгүн “Эрк” партиясы Конституциялык сотко кайрылат

Аталган партиянын кайрылуусунда парламент кабыл алып, президент кол койгон митинг, пикеттерди чектөөгө алган мыйзамды жокко чыгаруу талабы коюлмакчы. Партиянын лидери Турсунбай Бакир уулунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча 6-август күнү мамлекет башчы тарабынан кол коюлган “Жарандардын тынч чогулуу укугу” жөнүндө мыйзамдын күчүнө киргизилүүсү –демократиялык өнүгүүдөн кайра артка кетүү, болуп эсептелет. “Эрк” партиясы жарандардын тынч чогулуп, пикирин билдирүү укугун чектеген мыйзамды Конституциялык сот аркылуу жокко чыгарууга жетишүүнү көздөөдө.(ZKo)