Бул тууралуу “Азаттыкка” Энергетика, өнөр жай жана отун ресурстар министри Сапарбек Балкыбеков билдирди. Анын айтымында, мындай ченем Токтогул суу сактагычында суунун зарыл деңгээлин камсыз кылуу үчүн коюлду жана ал 21-августтан тарта ишке ашырылат. Ага чейин жарыкты өчүрүүнүн тартиби жана убактысы губернатор, акимдер менен такталат. Министрдин айтымында, бир күндө жарыктын өчүрүлүшү 8 сааттан ашпайт жана кайсы убакта кай жерде өчүрүлөөрү элге күн мурунтан кабарланат. (BD)