13:20 БШК облусттарда жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого даярдыкты текшерүүдө

14-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргызстандын облусттарына иш сапар менен жөнөп кетишти. Иш сапардын жүрүшүндө алар райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын талаптагыдай түзүлүшү жана уюштуруу-техникалык маселелердин чечилиши менен жеринен таанышууда. Шайлоого байланыштуу мыйзамдын нормаларын түшүндүрүү иштерин да жүргүзүшөт. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы кабарлады. (EBM)