Россиянын куралдуу күчтөрү дагы эле Грузиянын эки шаарынын чет жакасында калууда

Генерал- майор Вячеслав Борисовдун айтымында, орус аскерлери Гори шаарынын аймагынан бир-эки күндүн ичинде чыгарылат. Ал ортодо Грузиянын президенти кабарчыларга Орусиянын оор аскердик техникасынын колоннасы Грузиядагы экинчи чоң шаар Кутаисиге жылып баратканын билдирген. Бирок көз каранды эмес булактар аны ырастай элек.