12:30 Рулда баратып чөнтөк телефон менен сүйлөшүү –жол эрежесин бузууга жатат

ИИМ жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Бишкекте атайын рейд өткөрдү.
МАИ кызматкерлери атайын чакырылган журналисттердин коштоосунда унаа айдоочуларга “Жол эрежесин бузгандарга колдонулуусу административдик жазанын” жаңы редакциясын тааныштырышты. МАИ жетекчиси Болотбек Борбиев жаңы административдик жаза кодекси айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүп, жол кырсыктарынын азаюусуна салым кошот, деген ишеничте. Жол коопсуздугуна байланыштуу жаңыртылган административдик кодекс 12-августтан тартып ишке кирген. Ага ылайык жол эрежесин сактабаган айдоочуларга жана автокырсыктын болушуна себепкер болгон жөө жүрүүчүлөргө ири өлчөмдөгү жаза айыптар салынат. Ошондой эле кандай гана жол эрежесин бузуу болбосун айдоочунун унаа айдоо күбөлүгү алынат. 12-августтан тарта машина айдап баратып, чөнтөк телефону менен сүйлөшүү да жол эрежесин бузууга кирет. Ал эми уруксат берилбеген жерлерге токтотулган автоунаалар ээсинин макулдугусуз МАИнин машине токтотуучу жайына жеткирилет.(ZKo)