Грузиянын бийлиги Орусияны Түштүк Осетиядагы аскердик салгылашууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузду деп айыптоодо. Бул болсо өзгөчө жабыркаган аймактардын тургундарына гуманитардык жардам жеткирүү иштерине тоскоол болууда. Аскердик өнөктүктүн натыйжасында Түштүк Осетия жана Грузияда гуманитардык кризис пайда болгону кабарланууда.
Бир апта мурда Луиса Дзагоева Түштүк Осетиянын баш калаасы Цхинвалиде сулуулук салонунда чач тарач болуп иштеп жаткан. Эми азыр ал үйүнөн дагы, ишинен дагы ажырады жана тынч, бакыбат жашоого зар болуп отурат.
Орусия менен Грузиянын аскер күчтөрүнүн ортосундагы айыгышкан салгылашуулар көптөгөн карапайым адамдардын өмүрүн алып кетти жана шаардын олуттуу бөлүгүнө доо кетирди. Луисанын үйү жана иштеген сулуулук салону ойрон болуп, ал өзү апасы менен бирге акыркы төрт күндү жер төлөөдө өткөрүүгө, андан соң коңшу Түндүк Осетияга качып барууга мажбур болду.
- Биз бул жакка картөшкө ташуучу унаа менен келдик. Биздин жаныбызда бир жарадар бар болчу, жолдон болсо дагы бир жарадарды кошуп алдык. Буга чейин биз төрт күн электр жарыгы, газ жок жер төлөөдө өткөрдүк. Бардык жерде электр тогу өчүрүлүп, электр сымдары кыркылып жерде жатты.
Луисанын диабет менен ооруган апасы учурда Түндүк Осетиянын баш калаасы Владикавказдагы талаа ооруканалардын биринде дарыланууда. Луиса болсо жеңил жаракат алган.
Орус бийлигинин маалыматына ылайык, 7-8-август күндөрү Түштүк Осетиядан үй-жайын таштап, 30 миңден ашуун адам качкан. Алардын көпчүлүгү Луисага окшоп Түндүк Осетиядан баш паанек табышкан. Бирок Эркин Европа/Азаттык үналгысына курган маегинде орусиялык журналист Илья Барабанов бардыгы эле Түштүк Осетиядан Орусиянын чек арасына чейин качып келе алышкан жок деп билдирди:
- Азыркы кырдаал чындыгында эле абдан оор. Бул Түштүк Осетиядагы кыштактарда азыр жүздөгөн качкындар бар. Аларды Владикавказга жеткирүү аракеттери көрүлүүдө, бирок жолдордо унаа абдан көп болгондуктан тез арада жетүү мүмкүн эмес. Кишилер унаалары менен кетүүгө аракет жасоодо жана кыштактарга жаракат алгандардын жаңы тобу келүүдө. Жардам көрсөтүү бекеттери сыртта жайгаштырылды, операция болсо ачык асман үстүндө жасалууда.
Түштүк Осетядагы салгылашуулардан улам көпчүлүк грузиндер дагы үйүн таштап качууга аргасыз болду. Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча комиссарлыгынын маалыматына ылайык, Грузиянын Түштүк Осетия менен тогошкон Гори шаарынын калкынын 80 пайызы үй-жайын таштоого мажбур болгон.
Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Грузин кызматынын Горидеги кабарчысы Гога Апциауринин айтымында, ушул тапта шаарда 50 миң адамдын 5 миңге жакыны калды. Аларга тамак-аш жана башка гуманитардык жардам жеткирүү кыйын болууда. Кабарчы бүгүн (13-августта) да шаарда ок атышууларды укканын айтат. Шаарда калган тургундар талап тоноолорго кириптер болушу ыктымал.
- Кечээ, кеч кирип калган чакта Горинин түндүк-чыгышы түрдүү кылмыш топторунун карамагында калды. Кишилер өкмөткө, басма сөз каражаттарына жардам сурап кайрылышты. Тоногучтар акча, үй жаныбарларын, кийим-кечелерди алып кетишти.
Горинин көпчүлүк тургундары тууган-уруктарынан баш паанек табышкан. Башкалары болсо Тбилиси шаар мэриясынын имаратынын жанында чогулушту. Алар бул жактан тамак-аш жана уктоочу жай табышты.
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча комиссарлыгынын маалыматы боюнча аскердик жаңжалдын натыйжасында 90 миңдей адам үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон. Бирок Хьюман Райтс Уотч уюмунун Москвадагы кеңсесинин жетекчисинин орун басары Татьяна Локшина бул көрсөткүч мындан дагы жогору болушу мүмкүн дейт:
- Басма сөз каражаттарында эки тараптан тең жүрүп жаткан үгүттөн улам, бизге эки тараптан тең чыныгы маалыматтар жетпей жатат. Набыт болгон, качкан, жаракат алгандар тууралуу туура эмес жана таптакыр негизсиз маалыматтар түшүүдө.
Жардам көрсөтүү уюмдары азырынча так маалыматтарды бере албайт жана Түштүк Осетиядагы гуманитардык кризистин көлөмүн айта албайт, себеби маалыматтар жана сандар улам өзгөрүүдө. “Кызыл чырым” эл аралык уюмунун басма сөз өкүлү Анна Шаафтын пикирин уксак:
- Биздин уюм Тбилисиден Түштүк Осетияга жиберген топ коопсуздук жагдайынан улам жума күндөн бери аймакка жете албай жатат. Андыктан ал жактагы гуманитардык кризистин деңгээлин айта албайбыз. Бирок бизге өтө олуттуу кырдаал тууралуу маалыматтар жетүүдө жана биз андагы калайыктын тагдыры үчүн абдан тынчсызданып жатабыз.
Европа Биримдиги Грузиядагы тынчтык жараянын тереңдетүү үчүн арачылык аракетин күчөтмөкчү.
Бүгүн Брүссел шаарына чогулган Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Грузия менен Орусиянын ок атышууларды токтотконуна мониторинг жүргүзүү үчүн байкоочуларды жөнөтүү маселесин талкуулап, жалпысынан макулдашууга жетишти. Жыйын соңунда жарыяланган орток билдирүүгө караганда, Евробиримдик салгылашуулар жакында болгон аймактарда жеринен туруп кырдаалга байкоо жүргүзүүгө даяр болушу керектиги айтылган.
Ушул тапта Евробиримдикке президенттик кылып жаткан өлкө - Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер оболу бул үчүн Бириккен Улуттар Уюму тийешелүү резолюция кабыл алышы керек деген пикирин билдирди.
Польша, Литва, Латвия жана Эстония бүгүн Евробиримдиктин тынчтык долбоорун сынга алып, анда Грузиянын аймактык бүтүндүгүн кадырлоо тууралуу жобо киргизилбей калганын белгилешти.