ТАЛАС: КАРООЛ ЧОКУ КАЙРАДАН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛҮҮДӨ

Таласта былтыр грузин геологдору тарабынан чалгындап-иликтөө максатында казылган Улуттук “Манас ордо” комплексине тиешелүү Кароол Чоку облустук бийлик өкүлдөрүнүн демилгеси менен кайрадан калыбына келтирилүүдө. Таластагы жарандык коомдун өкүлдөрүнүн пикири боюнча Кароол Чокуну каздыруу бул кыргыз улутунун бетине түшкөн так менен барабар нерсе.
Былтыр 2007-жылы 11-июнь күнү Орусия мамлекетинин “Кредо” деп аталган уюмунун каржылоосу менен грузиялык тоо-кен чалгынчылар Кароол Чокунун түндүк жагын каза башташкан. Ошол кезде казуу иштерин жетектеген грузин геологу Ронул Жапаридзенин айтуусунда, Кароол Чокунун алдында 4 миң тонна алтын жана “өмүр дарагы” бар деп айтылган. Көптөгөн жергиликтүү тургундардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн демилгеси менен бул казуу иштери ошол эле жылы август айынын башында токтотулган болчу.

Ушул тапка чейин кыргыз өкмөтү менен окумуштуулар чөйрөсүндө казууну улантуу керекпи, же жокпу деген талаштуу пикирлер уланып, алигиче маселеге чекит коюлбай келген. Ушул жылдын 7-август күнү Улуттук “Манас ордо” комплексинде Кароол Чокуну кайра калыбына келтирүү үчүн атайын жөрөлгөлөр жасалып, ага Таластын губернатору баш болгон облустук мекеме-уюмдун жетекчилери катышты.

Кароол Чокуну кайра калыбына келтирүү иш-чарасы алгач казылган жерге куран окулуп, бата тилөө менен башталды. Облус губернатору Б. Болотбеков Кыргызстанда мындан да башка алтын кендери жетиштүү экенини, ал эми Кароол Чоку өзгөчө маанилүү жер экендигин “Азаттыкка” айтты:

- Негизинен менин жеке демилгем. Ушул демилгени мен мойнума алып, Манас бабабыздын арбагын тынч коюу керек дедим. Андан тышкары каза турган алтындар толтура. Мына “Кумтөрдү”, “Жер үй”, “Андаш” кендерин казып жатышат.

Кызматтык өргүүдө жүрүп, “Манас ордого” зыярат кылуу үчун кайрылган биринчи вице премьер-министр Искендер Айдаралиев Кароол Чокуну казуу иштеринде башка да себептер болушу мүмкүн деген оюн төмөнкүчө билдирди:

- Бардыгыбыздын башыбыз биригип, ыйманыбыз тазаланса, биз кыргыз эли дүйнө жүзүнө тааныла турган элбиз. Мына ушул Манас атабыздын арбагы колдосун. Мүмкүн ар кандай нерселер болуп атса керек. Аны мен так айта албайм. Бирок менин өзүмдүн оюмда, “Манас ордого” Манас атабызга дайыма сыйынып, Манас атабыз көтөргөн тууну биз дагы көтөрүшүбүз керек. Эң негизги максат ошол.

Кароол Чокуну казууга улуксаат берген кыргыз бийлик өкүлдөрүнө нааразы болгон “Манас-1000” жарандык коомдун жетекчиси Сирен Шейшенов бул тоону казган грузин адистери кыргыз улутунун намысын тебелешти деген ойдо:

- Кайсы жылдары экенин мен так айта албайм. Бирок Өзбекстанда Темирландын мүрзөсүн казганда, бийлик аркылуу уруксат алып, мүрзөсүн казып, ичине кирип сүрөткө тартып, салт-санаасын жүргүзүп чыкканга эле бир нече миллиондоп нак акча төлөгөн. Ал эми биздин Таласка келип, Борбордук Азия элине, дүйнө жүзүнүн төрттөн бир бөлүгү ушул жерге зыяратка келип аткан жерге 400 миң сом, 10 миң доллардай акча төлөп жатат. Анан ушул жерге келип, аңырайтып казып, шылдыңдап туруп кетип калышты. Бул кыргыз улутунун намысына, бетине түкүрүп атат. Бул биз үчүн өлүмгө тете.

“Манас ордо” улуттук комплексинин жетекчиси Ормош Чоюнбаев ошол грузин тарап төлөп кеткен акчанын эсебинен Кароол Чокуну кайра калыбына келтирип жатканын билдирди:

16-17 чарчы метр деп айтпайм, 40 чарчы метрдей жердин кыртышы бузулду. Жердин баасы болуш керек. Анчалык казып аткан киши келгенден кийин биз талап койгонбуз, жер бузулат, муну бир убакта калыбына келтиришке туура келет деп айканбыз. Ошон үчүн былтыр жерди казуу башталган кезде биз 400 миң сомду “Манас айкөл” фонддун эсебине котортуп алганбыз. Ошонун эсебинен биз калыбына келтирип коебуз.

Улуттук “Манас ордо” комплексинин өкүлдөрүнүн айтымында, казылган жерди калыбына келтирүү иштери эки жуманын ичинде аяктамакчы.