17:42 Жолдо жүрүү тартиби күчөдү

Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодекстин 12-августта күчүнө кирген жаңы жоболоруна ылайык, автоунаа айдоочулар тарта турган жазанын өлчөмү көбөйдү. Машинасын каттоодон өткөрбөгөн айдоочу 500 сомдон 1000 сомго, мамлекеттик номери жок же аны бузуп алгандар 300дон 500, бирөөнүкүн тагып алгандар 1000 сом, бел курчоо тагып жүрбөгөндөр 300,терезесин караңгылатып алгандар 300, ылдамдыкты күчөткөндөр 300 сом айыппул тартып, 3 айдан 6 айга чейин айдоочулук укугунан ажырайт. Ал эми мас абалында машина айдагандар 1500 сомдон 2000 сомго чейин айып тартып, бир жылдан төрт жылга чейин айдоочулук укугунан кур калат.(BD)