17:55 “Ар Намыс”: 21 кылымда баардык жаңжал цивилизациялуу жол менен чечилиши керек

Бул тууралуу аталган партиянын бүгүн грузин-осетин жаңжалына байланыштуу тараткан билдирүүсүндө айтылат. Билдирүүдө көптөгөн адам өлүмү менен коштолгон бул окуя сүйлөшүү жолу менен чечилип, аскердик иш-аракеттер тезинен токтотулушу керек, деп айтылат. Күчкө негизделип окуянын курчушу чоң трагедия жаратаарын, бул миллиондогон адамдардын тагдырына балта чаап, адамзаат тарыхында кара так болуп калаарын эскертет. (EBM)