Кыргызстандык спортсмен алтымыш килограммга чейинки салмактагы боксерлор менен мелдешет. Кыргызстандын Олимпиадалык даярдык боюнча комитетинин маалыматына караганда алгачкы таймаш бүгүн Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат он жарымда болот. Асылбек Таласбаев - Кыргызстандын азыркы чемпиону, эл аралык бокс чебери. 8-августта башталган Бээжин-2008 Олимп оюндары 24-августта соңуна чыкмакчы. (EBM)