Осама бин Ладендин мурдагы айдоочусунун үстүнөн сот иши жүрүүдө

АКШнын аскердик соту Осама бин Ладендин мурдагы айдоочусу Салим Хамданды террорчуларга материалдык жардам берген деп айыптап, бирок “ал-Каида” уюму уюштурган террорчулук иш-аракеттери боюнча тийешеси жок деп актады. Хамданга бин нече берене боюнча террорчуларга материалдык колдоо көрсөткөн деген айып тагылган. Эгерде сот Хамданды күнөөлүү деп тапса, ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.