Ооганстандагы жардыруудан Германиянын үч жоокер жаракат алды

Ооганстанда жанкечти жасаган жардыруудан Германиянын үч аскери жаракат алды. Окуя өлкөнүн түндүгүндөгү Баглан вилайетинде болду. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алды.