АЛТЫН ТАЛАШ ЧУБАЛГАНДАН ЧУБАЛЫП ЭЛЕ БАРАТАТ

Парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабековдун өкмөттүн 2003-жылдын аягындагы токтомун жокко чыгару жөнүндөгү доо-арызын кароону Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту бул ирет 26-августка жылдырды. Узакка созулган соттук териштирүү жыйынтыкталганча кыргыз өкмөтү менен канадалык компания жаңы келишимге кол коюп коюшу деле ыктымал.
Жаңы келишим түзүлө электе эле президент К.Бакиев анда Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгы мыкты корголоорун билдирген. 24-июлдагы өкмөттүк жыйында мамлекет башчы ушул маселеге өзгөчө басым жасап, алтын кенден алынчу кирешенин арбын болушуна кыргыз өкмөтү деле куштар экенин ырастап, аны вице-спикер К.Исабековдун кийлигишүүсүз эле оңунан чече ала тургандыктарын жарыя кылган.

- “Кумтөр” Кыргызстанга, Кыргызстан элине иштейт. Мурдагы жылдардагыдай болбойт. Бул жалгыз өзү “Кумтөр” маселесин чечип жаткандай кылып жалаң телекөрсөтүүлөрдөн түшпөй келаткан депутат К.Исабековдун эле салымы эмес. Мен ачык эле айтып коеюн, бул биринчи иретте жалгыз депутаттын эмес, өкмөттүн бекем позициясынан улам болууда.

Өкмөттүк жыйындан соң 5-августка белгиленген экономикалык соттун кезектеги отуруму эмгек эс алуусунда жүргөн Кубанычбек Исабековсуз өтпөй, кезектеги соттук териштирүү августтун аягына жылдырылды. Вице-спикердин өзү баштап алган ишин аягына чыгара тургандыгын буга чейин далай эле жолу жарыя айтып келатат.

- Булар Кыргызстандын 5 миң сом төлөбөй койгон ишканасын соттоп, камап, тоок уурдагандарды темир тордун артына отургузуп атат. 1 миллиард 56 миллионго булар жалгыз эле бажыдан төлөбөй өтүшкөн. Салык төлөмдөрдөн булар 1 миллиард 170 миллион сом карыз. Бир тыйын төлөгөн жери жок. Кайра келип булар кыргыз жарандарын окуткусу келет. Мен ойлойм, сот деген туура чечиш керек. Эгер бул сот да алардын адвокатына айланып калса мен тапчу нерсени башка жактан табам.

К.Исабеков алтын кен компаниясы карыздарын убагында төлөп, ушу тапта өкмөт коюп жаткан жаңы талаптарга макул болсо доо-арызын чакыртып ала тургандыгын билдирген. А бирок андай ишаараны канадалык компания кабыл албай, ушу тапта кыргыз өкмөтү менен эл аралык арбитраждык сотто бийик тоо шартында иштегендиги үчүн кошумча акы, ошондой эле жер салыгы боюнча талаштуу иштерди териштирүүгө киришмекчи. Бийик тоо шарты менен жер салыгына өзгөртүүлөр быйыл парламентте кабыл алынган.

Эл аралык арбитраж сот чырдуу ишти канадалык компаниянын пайдасына чечип койсо бул ишканада иштеген кыргызстандыктар бийик тоо шарты үчүн кошумча акыдан, жергиликтүү бюджет болсо жер салыгынан түшчү акчадан куржалак калат.

Антип “Кумтөр” алтын кенинен түшчү төлөмдөргө өзгөчө маани берилип калышынын артында өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгы башбактап турат. Быйыл Кыргызстандын экономикалык өнүгүү ырааты кыйла жайлап, инфляция күчөп, өкмөт мурда белгиленген көрсөткүчтөрүн кайрадан карап чыгууну көздөөдө. Непадам, “Кумтөр” алтын кениндеги өндүрүш мурдагы калыбында калса, Кыргызстандын өнөржай тармагынын абалы азыркысынан да кыйла артка кетээри турулуу иш. Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча:

- Бүгүн алар кыйла бай кенге киришүүдө. Эч кандай капыс иштер чыгып калбаса алар өздөрүнө алган милдеттерин аткарышат.

Милдет катары алынган 18 тонна алтын быйыл “Кумтөрдөн” казылып алынаар-алынбасы белгисиз. Ал ортодо мындан ары казылып алынчу алтындан түшчү пайданын канчасы Кыргызстанга, канчасы канадалыктарга бөлүнөөрү дагы талкууланганы турат. “Кумтөр” алтын кен компаниясынын укукчусу Нурбек Сабировдун ырасташынча, Башкы келишим шартына ылайык ортодогу талаштардын баки-жогу эл аралык арбитраждык сотто чечилиши керек.

- Башкача айтканда, тараптар келишим түзүп жатышканда ортодогу талаштарды эл аралык арбитраж сотто чечип алууну макулдашкан.

Ошондон непадам, Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомун жокко чыгарып, анын натыйжасында “Центерра Голд” компаниясынын түзүлүшү мыйзамсыз деп табылган күндө деле талаштуу маселени канадалыктар дагыле эл аралык арбитраждык сотко алып чыгаары шексиз. Ал эми 26-августтагы экономикалык соттогу териштирүүдө вице-спикер К.Исабеков доо арызды жөнөкөй жаран катары жазганын, “Кумтөр” алтын кенинин айланасындагы талаштуу иштерге Кыргызстан атуулу катары тынчсызданарын ырастап бериши керек.