Грузия өткөн жылы Ирактагы аскеринин санын 850дөн 2 миңге чейин көбөйткөн эле. Ошону менен Грузия Ирактагы жоокерлеринин саны боюнча АКШ жана Британиядан кийинки үчүнчү орунда турат. Грузиянын батышчыл бийлиги Ирактагы жоокерлеринин санын көбөйтүү менен НАТО мүчөлүгүнө кирүүгө умтулуп келет. Бирок грузин бийлигинин Ирактагы --> http://www.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/07/23AFBEB1-2351-4504-9548-C246AADEAA5B.asp аскерлеринин санын көбөйтүү мүдөөсү Грузиянын өзүндө оппозиция тарабынан кескин сынга алынууда. Ал эми Иракта кызмат өтөгөн катардагы грузин жоокерлердин күнүмдүк жашоосу кандай болду экен?
Сержант Гоча Петриашвили адаттагыдай эле бул кечтеги бош убактысын Грузиядагы туугандарына телефон чалуу менен өткөрөт. Иракта жайгашкан 2 миң жоокердин бири болгон Петриашвили үйбүлөсүнө телефон чалып, өзүнүн ал-ахыбалынан кабар берип турат.
-Алло! Ата, бул сизби? Сиз мени угуп жатасызбы? Жакшысызбы, ата? Менде бардыгы жакшы. Бул жакта абдан ысык. Ушул гана мени жүдөтүп жатат. Ал эми тамак-аш, жана суу жетиштүү. Болгону аба-ырайынын температурасы өтө жогору. Мен силерди сагындым, ата. Болуптур, жакшы тургула.
Петриашвили жана ал менен бирге кызмат өтөгөн жоокерлер Васит вилайетиндеги “Дельта” аскер базасында жайгашкан. Иран менен тогошкон Васит вилайети “кызыл зонада”, башкача айтканда коопсуздугу өтө күчөтүлгөн аймакта орун алган. “Дельта” аскер базасынан грузин күчтөрүнүн бир батальону Багдаддагы “жашыл зонага”, башкасы болсо “Клер” аскер базасына жиберилген.
Күн сайын, таң атканда грузин жоокерлери базадан чыгып, вилайеттеги көчөлөрдү кыдырып, унааларды текшерип, коопсуздукту камсыз кылып, бир айда бир нече жолу аймактагы калкка гуманитардык жардам жеткирип турушат.
Бул иштер күн сайын кайталанып келгендиктен, жоокерлер убакыт өтө жай өтүп жатканын айтып, кейишет. Бирок алар ар бир күн аскерий коопсуздук жактан маанилүү болгондугун түшүнүшөт. Бул күнү лейтенант Давид Кобиашвили жоокерлерди аскердик милдеттери менен тааныштырууда:
-Мисалы, оң тараптан жарылуу болду дейли. Силер ал жакка барып, медициналык абалды иликтешиңер керек, жарадарлар барбы, же Кудай сактасын, набыт болгондор барбы... Андан соң силер мага толук маалымат бересиңер. Мен болсо аны башкы штабга жөнөтөм.
Өткөн эки айда жардыруудан грузин армиясынын үч жоокери – Зураб Гвенетадзе, Гиоргий Маргиев жана Ираклий Кордзая набыт болгон. Аларды Иракта кызмат өтөп жаткан учурда каза тапкан алгачкы грузин жоокерлер деп айтса болот. Ал эми буга чейин бир грузин жоокери жол кырсыгынан мерт кетсе, дагы бирөө өзүн өзү өлтүргөн.
Грузиянын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчысы, генерал Заза Гогава 17-июлда “Клер” аскер базасында болгон учурда набыт болгон үч жоокерлер тууралуу буларды айтты:
-Биз үчүн канчалык оор жоготуу болбосун, бирок мен набыт болгон жоокерлерге ыраазычылыгымды билдиргим келет. Урматтуу жоокерлер. Мен силерге ыраазымын. Силер жасап жаткан ар бир ишиңер үчүн мен сыймыктанам.
“Дельта” аскер базасында кызмат өтөгөн дарыгерлер жоокерлерден башка дагы жергиликтүү тургундарды дагы дарылашат. Доктор Нино Чхенкели бир топ ирактыктарды айыктырган. Анын айтымында, дем алуу органдарындагы проблемалар жана тери күйүгү – ирактык бейтаптар арасында эң көп жайылган дарттардан.
Нино айым ата-энесин жана өспүрүм кызын Грузияда таштап, бул жакка келген. Нино кызынын колдоосу Ирактагы оор турмушту баштан өткөрүүгө жардам берерин айтат.
-Менин бир кызым бар. Ал азыр Тбилисиде. Ал 13 жашта. Кызым мага: “Апа, мен билем, сиз ал жакта мен үчүн жүрөсүз” деп айтат. Ал ушунчалык акылдуу кыз. Менин эч кандай түйшүгүм же көйгөйүм жок. Мен Ирактын сыртына дагы чыга алам.
“Дельта” аскер базасында жайгашкан көп улуттуу аскер күчтөрүнүн көпчүлүгүн түзгөн грузин жоокерлеринин иш күнү кечки саат 6да аяктайт. Көпчүлүк грузин жоокерлери бул маалда ашканага тамактанууга шашылат. Грузиялык жоокерлер бул аскер базада эң шаңдуу болуп саналат. Мисалы, “Азаттыктын” кабарчысы грузин жана угандалык эки жоокердин англис тилинде мындай сүйлөшүүсүнө күбө болду:
-Сиз экөөбүз Грузияга барышыбыз керек. Грузия абдан жакшы өлкө.
-Ооба, абдан жакшы. Уганда дагы абдан жакшы өлкө.
Тамактангандан кийин жоокерлер бир нече саат бош болушат. Бул аралыкта алар сыналгыдан грузиялык каналдардын берүүлөрүн көрүшөт, же компьютердик оюндарды ойношот, кээ бири болсо Грузияга үйбүлөсүнө телефон чалышат.
Алар жарым жылдан бери туугандарын көрө элек, бирок жакынкы аралыкта дагы мындай мүмкүнчүлүк болбойт. Себеби азыркы келишим боюнча грузин коопсуздук күчтөрү Иракта ушул жылдын этегине чейин калышат. Грузиялык саясатчылар өлкөнүн эл аралык миссияларга катышып жатканы менен сыймыктанат. Жакында эле расмий Тбилиси Ооганстанга 400 жоокер жиберүү пландары бар экендигин билдирди.