15:00 Таш-Көмүр шаарынын жетекчиси алмашты

Мамлекет башчынын бүгүнкү буйругу менен Таш-Көмүр шаарынын мэри Шамшарбек Чойбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Президент Курманбек Бакиев ушул эле күнү башка жардык менен Дүйшөнали Мамасалиевди Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Бул тууралуу президенттик басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)