ИНДИЯ ЭМИ ӨЗӨКТҮК ТЕХНОЛОГИЯНЫ ИМПОРТТОЙ АЛАБЫ?

Бириккен Улуттардын Өзөктүк кубат боюнча агенттиги – МАГАТЭ (IAEA) 1-августта Венада жыйын өткөрүп, Индиянын өзөктүк программасы коопсуздук нормаларына толук жооп берет деп билдирди. Бирок ошол эле маалда МАГАТЭнин --> http://www.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/72FAAB01-1A4B-49AD-AFED-B90DDA7571CB.asp мындай билдирүүсүн өзөктүк куралдын жайылуусуна каршы болгондор, андан тышкары Индиянын атаандашы Пакистан тарабынан да сынга алынды. Ишембиде Иран да бул кадамды сынга алып, расмий Вашингтон өзөктүк программалар жаатында эки жүздүү саясат жүргүзүп жатат деп АКШ өкмөтүн да айыптады.
Расмий Дели менен Вашингтон ортосунда түзүлгөн макулдашуунун алкагында МАГАТЭнин Башкаруучулар кеңеши Индиянын өзөктүк программасын текшерүү планын жактырды. Планга ылайык 2014-жылга чейин Индиянын 14 өзөктүк реактору текшерилип чыкмакчы. Ал учурда Индия жалпы-жонунан 22 реакторго ээ болоору күтүлөт.

МАГАТЭнин жетекчиси Мохаммед эл-Барадейи Дели менен Вашингтон ортосунда түзүлгөн макулдашуу ар тараптуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп билдирди:

-Бул макулдашуу бардык талап кылынган кепилдиктерди камсыз кылуучу натыйжалуу механизм. Бул макулдашуу Индиянын бардык керектөөлөрүн камсыз кылып, ошол эле учурда МАГАТЭнин бардык юридикалык талаптарына жооп берет.

Бул макулдашууну колдоп чыккандар аз эмес. Алардын бири – БУУнун Өзөктүк агенттигиндеги өкүлү, элчи Грегори Шулт. Анын ырасташынча, МАГАТЭнин тыкыр көзөмөлү жүзөгө ашырылмайынча Индиянын өзөктүк программасына эч ким кепил боло албайт.

Макулдашууга ылайык, Индия өзөктүк отун жана технологияларды сатып алууга уруксат алды. Бирок Индия Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимге кол койбогондуктан көпчүлүк Дели менен Вашингтон ортосунда 1-августта түзүлгөн келишимди кооптонуу менен кабыл алды.

Ошол эле маалда Индия менен өзөктүк отун жана технологияны бөлүшүү – АКШ президенти Жорж Буштун өкмөтүнүн маанилүү демилгеси болуп саналат. Вашингтон жаңы эле түзүлгөн келишим Индияны өзөктүк курал үчүн жооптуу өлкөлөрдүн катарына кошууга жардам берет деп эсептейт. Пакистан болсо МАГАТЭге кат жолдоп, бул макулдашуу Азия континентинде өзөктүк курал боюнча жарышты тездетиши ыктымал деп эскертти.

Буга чейин Индия Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимге кол койбой келгендиктен анын өзөктүк отун жана технологияларды импорттоо мүмкүнчүлүгү жок болчу. 1-августта БУУнун агенттиги колдоого алган келишимге ылайык, Индия үчүн эми мындай импорттоо мүмкүнчүлүгү жаралууда. Бирок Индиянын алдында дагы эки тоскоолдук бар. Биринчиси, NSG, же Өзөктүк отун жабдуучулар тобунун келишимге мамилеси. 45 өлкөдөн турган бул топ Дели менен Вашингтон ортосундагы келишимди четке кагышы да ажеп эмес.

Расмий Вашингтон бул топту МАГАТЭнин текшерүү планын колдоого үндөдү. Маалыматтарга караганда, Өзөктүк отун жабдуучулар тобу бул маселени 21-22-августта кезектеги жолугушууда карап чыкмакчы.

Экинчиден, эгерде аталган топ бул келишимге макул болсо, андан соң бул маселе АКШнын Конгресси тарабынан дагы жактырылышы керек. Буштун Республикачылар партиясына каршы болуп келген демократтар ушул тапта Сенат жана Өкүлдөр палатасында көпчүлүктү түзөт. Андыктан АКШ Конгресси бул маселе боюнча кандай чечим кабыл алаарын азырынча так кесе жоромолдоого эртелик кылат.