АЗЕРБАЙЖАНДА ШАЙЛООНУН ЭСКИ ОЮНУ КАЙРА БАШТАЛДЫ

Амирбек Усманов, Прага 1-августта Азербайжанда президенттик шайлоо өнөктүгү башталат. Көпчүлүк серепчилер 15-октябрда болчу шайлоодо Илхам Алиев экинчи мөөнөткө президент шайланат деген ишенимде. Азырынча Алиевден башка да үч талапкер президенттикке ат салышарын ачык билдиришти. Башкаруучу "Ени Азербайжан" партиясы жаңы шайлоо өтпөй жатып, 2013-жылы Алиевдин үчүнчү мөөнөт бийлик башында калуусу үчүн создуктурбай конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылды.
Илхам Алиев 2003-жылы атасы Гейдар Алиевдин ордуна президент шайланган. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму, ошондой эле Европа Кеңеши шайлоо эл аралык стандартка ылайык өтпөдү деп, Азербайжандын шайлоо мыйзамына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылган. Анын ичинде шайлоокомдордун курамына бардык саясый партиялардын өкүлдөрү кирсин деген да сунуш айтылган.

Азери өкмөтү бул сунуштарды аткарууга 2007-жылы макулдук берген. Бирок, кийинки 18 айдагы талкууларда шайлоокомго ар тараптан өкүлдөр тең кирсин деген оппозициясынын талабы четке кагылды. Шайлоо өнөктүгү төрт айдан 75 күнгө кыскартылды. Үгүттөө иштерине 27 күн гана берилди.

Серепчилердин баамынча, Азери оппозициясы беш жыл мурдакы президенттик, үч жыл мурдакы парламенттик шайлоого караганда азыр бир кыйла алсыз, бирдиктүү де эмес.

Элдик майдан партиясынан бөлүнүп чыккан Мусават партиясы, Азери улуттук эгемендик партиясы жана «Улуу ишмердик» партиясы ижарага алган кеңселеринен куулуп чыгып, төрагаларынын батиринде иштөөгө мажбур. Өкмөттүк телеканалда оппозициячыл саясатчылар анча-чанда бир чакырылат. Жаңы жобо боюнча, президентке талапкер обого акы төлөп чыгууга тийиш.

Бүгүн Илхам Алиев менен чылбыр талашчу үч гана талапкер белгилүү. Алар - Гейдар Алиевдин мурдакы масиээтчиси Элдар Намазов, парламенттин мүчөсү Гудрат Гасанкулиев жана Жашылдар партиясынын тең төрагасы Маис Гюлалиев. Чукул арада Мусават партиясынын төрагасы Иса Гамбар менен Улуттук эгемендик партиясынын лидери Этибар Мамедов да жарышка түшөт деп күтүлүүдө. Ошондо да, Илхам Алиев биринчи айлампада эле жеңишке жетери шексиз. Маселе, бирок, Алиев канча добуш аларында, дейт «Азаттыктын» серепчиси Лиз Фуллер:

- Алиев бул жолу 2003-жылкы шайлоодогу 76, 84 проценттен көп же аз добуш алабы деген суроо турат. Аз добуш алса, атасынын мурасын аткарып, элдин жашоо шартын жакшыртуу аракеттери ийгиликсиз болуп, эл колдободу деген пикир жаралат. Алиев көп добуш алса, албетте, оппозиция шайлоо бурмаланды, калыс өтпөдү деп, анын жыйынтыгын тааныбайт.

Талдоочулардын процентке өзгөчө маани бериши - жыл башында Грузияда болгон президенттик шайлоого байланыштуу. Анда Михаил Саакашвили 54 процентке жакын добуш алып жеңген.