Бээжиндеги Олимпиадалык оюндар учурунда чет элдик журналисттер айрым интернет сайттарга кире албайт

Бул тууралуу оюндун уюштуруучулары маалымдады. Уюштуруу комитетинин өкүлүнүн айтымында, журналисттер адам укуктары боюнча бейөкмөт уюмдардын сайттарына кире алышпайт. 7 жыл мурда Олимпиадалык оюндарды Бээжинде өткөрүү арызы менен кытай бийликтери Эл аралык олимпиада комитетине кайрылганда, журналисттер үчүн интернеттеги чектөөлөрдү алып таштоо тууралуу убада берген.