“КырКазГаз” ишканасы магистралдык газ түтүктөрү жайгашкан аймактарга курулган үйлөр чоң коркунуч жаратат, деп эсептейт. Аталган ишкана тараткан маалыматка ылайык бул түтүктөрдөн жогорку басымдагы газ өтөт, мындан тышкары түтүктөрдүн иши бат-бат текшерилип турууга тийиш. Эрежеге ылайык магистралдык газ түтүгү өткөн аймакта 150-200 метрге чейинки аралык коргоо аймагы деп эсептелип, бул жерге турак-жай эмес, деги эле курулуш курууга мүмкүн эмес, бирок буга карабай 2002-жылдан бери мындай аймактардын баарына турак-жайлар курулуп жатат, деп маалымдайт басма сөз кызматы. “КырКазГаз” ишканасы “Акбата”, “Дордой-2”, “Акжар”, “Аалам” жана “Алтын казык” жаңы конуштарынын магистралдык газ түтүгү өткөн аймагына курулган курулуштарды түрттүрүү өтүнүчү менен сотко кайрылмакчы. (ZKo)