Ирактын Дияла провинциясында жаңы аскерий операция башталды

Америкалык жана ирактык аскерлердин биргелешкен операциясы бул аймакты "ал-Каиданын" адамдарынан тазалоо максатын көздөйт. Согушкерлерге каршы мындай чаралар буга чейин Багдадда, Мосулда жана түштүктөгү шаарларда көрүлүп, кол салуулардын азайышына салым кошкон.