Түркиянын Конституциялык соту “Адилеттик жана өнүгүү” партиясынын ишин кароону улантат

Кечээ сот бийликтеги партияга карата өз чечимин чыгарбай калган. Прокурор тарабынан аталган партияга Түркиянын Башмыйзамын бузган деген айып тагылууда. “Адилеттик жана өнүгүү” партиясынын мүчөлөрүнүн катарында Түркиянын президенти Абдулла Гүл жана премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган бар. Эгерде сот партиянын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар болгон деп тапса, анда алар беш жыл аралыгында эч бир партияга мүчө боло алышпайт.
Кечээ сот башталар алдында Түркиянын Стамбул шаарында эки жерде бомба жарылып, натыйжада 17 адам набыт болуп, дагы 150гө жакыны жаракат алган. Евробиримдик, АКШ жана НАТО бул террорчулукту сынга алып, түрк бийлигине колдоосун билдиришти.