Өзбекстандын соту “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна мүчө болгон төрт аялды үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратты

Денау шаардык соту бул аялдарга тыюу салынган уюмга башкаларды кирүүгө үндөгөн жана “Хизб-ут-Тахрир” тууралуу баракчаларды, адабиятты тараткан деген айып такты.