А. САИПОВДУН ЖАКЫНДАРЫ ӨЗБЕК БИЙЛИГИН АЙЫПТООДО

Оштук журналисттер өз кесиптеши Алишер Саиповдун өлүмүнө айыптууларды табууга таасир этүү сунушу менен президент Курманбек Бакиевге кайрылышты. Буга чейин маркумдун атасы да президентке ушундай сунуш менен кайрылган. Саиповдун жакындары анын өлүмүнө Өзбекстан бийлигинин тиешеси бар экендигин болжоп жатышат. Мындай дооматка карата Кыргыз бийлигинен да, Өзбекстан тараптан да көз караштар айтыла элек. Ошол эле мезгилде ИИМ жетекчилиги журналисттин өлүмүн изилдөө үзгүлтүксүз жүрүп жаткандыгын байма-бай айтып келатат. Президент Бакиев болсо А. Саиповдун өлүмүн иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алаарын өз кезегинде билдирген болчу.
«Арадан толук 9 ай өтсө да, оштук журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө шектүүлөр эмдигиче кармалган жок. Демек, бул жерде Өзбекстандын кызыкчылыгы бардай. Себеби, айрым маалыматтарга караганда, кесиптешибиздин ажалын коңшу мамлекеттин башчысы буюртма кылгандай. Болбосо, Кыргызстандын күч органдары дайыны белгилүү киши өлтүргүчтөрдү кармоого батынат эле да. Ошол себептүү жеке өзүңүз кийлигишпесеңиз, айыптуулар жазасыз калчудай жана башка коллегаларыбыздын өмүрүнө да коркунуч туулуп жаткан чагы» - дешет оштук журналисттер президент Бакиевге жолдогон кайрылуусунда.

«Кыргыз Туусу» гезитинин Оштогу кабарчысы Жыпар Акунованын пикиринде, кылмышкерлердин алгачкы курмандыгы Эрнис Назаловдун табышмактуу өлүмүнүн бети ачылбаган бойдон кала берди. Эми минтип башка журналисттердин өмүрүнө да кайрадан коркунуч жаралууда. Себеби, эркиндикте жазасыз тайраңдаган кылмышкерлер эртең Саиповдун айрым кесиптештерине кол салбайт деп эч ким кепил боло албайт:

- Журналисттерди өлтүрүп кетүү биринчи жолу болгон жок. Көп эле журналисттер өтүп кетип жатышат. Болгон окуялардын бети ачылбай, жабык бойдон калып жатат. Алишер Саипов боюнча деле эч нерсе айтпай жатышат. Журналисттердин тагдыры кыйын болуп калды. Эртең башка журналисттерге кол салбайт деп ким кепил боло алат.

Алишер Саипов менен үзөңгүлөш иштеген «Сиосат» гезитинин кабарчысы Даврон Насибхановдун баамында, милициянын тажрыйбасыздыгынан кылмышка шектүүлөр боштондукта жүрүшөт. Алар коңшу мамлекет менен мамилеге доо кетет деп коркпостон тергөөнү калыс алып барышканда, нааразычылык мынчалык күчөмөк эмес. Ошентсе да, ал акыры күнөөлүүлөр кармалат деген илгери үмүттө:

- Чындыгында версиялар ордун тапкан жок. Милиция тажрыйбасыздыгын ашкереледи. «Саиповдун көзүн неге тазалашты? Буюртманы кимдер, кайсыл өлкөдөн беришкен?» өңдүү суроолорго жооп издеген киши болбоду. Мен ойлойм, али да кеч эмес. Биз доомат арткан жактарга басым жасалса, кылмыштын жүзү ачылып, кыргыз милициясынын коомчулук астында аброю көтөрүлөт деген үмүттөмүн.

Маркум журналисттин атасы Авас Саипов «Азаттыкка» курган маегинде уулунун өлүмө тиешелүү кишилердин белгилүү экендигин, аларды жарыя кылууга кыргыз бийлиги батынбай жаткандыгын ачыктады:

- Башкы буюртмасы Өзбек Республикасынын президенти - Каримов. Ага жардам бергендер Оштогу анын малайлары. Анын акчасына көз арткандар бар. Ошолор жардам берген.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Алишер Саиповдун өлүмү президенттин жеке көзөмөлүндө тургандыгын "Азаттыкка" мурдараак билдирген:

-Алишер Саиповдун өлүмүнө тиешелүү эки адамдын сүрөтүн бүгүнкү күндө интернет сайттардын бардыгына бергенбиз. Саиповдун жана башка ачылбай калган адам өлтүрүү фактылары боюнча президент ар жума сайын менден сурап, алардын бетин ачуу боюнча кандай иш-чара болуп жатканы жөнүндө маалымат алып турат.

Расмий Ташкенге оппозициялык маанайда турган «Сиосат» гезитинин баш редактору Алишер Саиповду 2007-жылдын 24-октябрында Ош шаарында өзү иштеген кеңсенин жанынан атып өлтүрүшкөн. 26 жаштагы журналисттин артында алмончоктой аялы жесир, жалгыз кызы жетим калды.