Кытай менен Россия жылдарга созулган аймактык талашты жөнгө салышты

Бүгүн Бээжинде эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери чегара боюнча протоколго кол коюшту. Журналисттерге анын чоо-жайы жөнүндө айтылган жок, бирок Кытайдын мамлекеттик гезити жазганына караганда, Россия Кытайдын 174 чарчы километрлик аймагын кайтарып бермекчи. Сөз Тарабаров аралы жана Большой Уссурийск аралынын жарымы тууралуу болуп жатат.