08:15 Бүгүн Таласта “кыйноолорго каршы” долбоордун алкагында тренингдер өтөт

Тренингдерди өткөрүп жаткан “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын “Азаттыкка” бидиргенине караганда, окутуу-тренингдер Талас областынын райондук ички иштер бөлүмүнүн, ички иштер башкармалыгынын жана убактылуу кармоочу жайлардын кызматкерлери үчүн өткөрүлөт. Аталган иш чараны өткөрүү үчүн каржылык көмөктү Голландиянын Хивос гуманитардык институту көрсөтүүдө.(MSu)