16:10 Бээжинде белгилүү ырчы К.Турапов өнөрүн тартуулады

Ошондой эле “Камбаркан” фольклордук тобу кыргыздын элдик күүлөрүн жогорку чеберчиликте тартуулашты. Бээжинде Кытайдагы Олимп оюндарын утурлай өткөрүлүп жаткан бул иш-чарага А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жана “Камбаркан” фольклордук тобунун артисттери катышууда. Маданият жана маалымат министрлигинин маалымдашынча, Шанхай Кызматташтык уюмуна (ШКУ)мүчө мамлекеттердин маданий кечеси 16-июлдан 23-июлга чейин болот. (AJ)