Нарын облусунда өткөн жылы бруцеллез дартына 15 жашка чейинки 113 бала катталса, быйылкы алты айда 60 бала бул оору менен ооруп калышкан. Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Кыял Мамбеталиев бруцеллез оорусуна кабылгандар негизинен айылдык балдар экенин билдирет. Анын айтымында, оорунун 80 % кой, эчкилерден жугат. Дарттын жайылышынын экинчи жагдайы облуста дарыгерлердин жетишсиздиги болуп саналууда. Нарын облусунда дарыгерлердин камсыз болуусу 60 % ды түзөт. Жумгал районунда анистиозолог, Ат-Башы районда хирург, Ак-Талаа районунда гинекелог жок. Жаш врачтардын депозити программасы боюнча былтыркы жылы облустун айыл-кыштактарына 12 врач иштөөгө келсе, быйыл жакында бир гана врч келди дейт Кыял Мамбеталиев. (KUs)