«ЫСМЫ - ОРУСИЯ» ДОЛБООРУ КАЛК АРАСЫНДАГЫ МААНАЙДЫ БИЛДИРЕБИ?

Муса Мураталиев, Москва «Ысмы - Орусия» долбоорун «Россия» сыналгысы, Орусиялык илимдер Академиясы жана «Коомдук пикир» кору чогуу иштеп чыгышкан. Интернет аркылуу жүргүзүлгөн сурамжылоодо 500 тарыхый инсан арасынан жыл этегине чейин - анын ысмын атаганда Орусия деп түшүнө турган эң мыктысын таап чыгуу сунушталган. 16-июлга карата чыгарылган жыйынтыкта эки жарым миллионго чукул добуш берүү болгон. Натыйжада, эң алдыга орусиялык император Николай II чыккан. Анын алдыңкы күнү алдыда Иосиф Сталин менен Владимир Ленин болушкан. Алардын артынан келе жатышкан жыйырма инсандын арасында Владимир Высоцкий, Пётр I, Александр Пушкин, Борис Ельцин, Иван Грозный сыяктуу инсандар бар.
Орусияда «Россия» мамлекеттик сыналгысынын демилгеси менен жүргүзүлө баштаган, “беш жүз тарыхый инсан ичинен кимиси эл арасында кадырлуу” сурамжылоосу Сталиндин атын биринчи орунга чыгырган. Совет тушунда калкка кызыл кыргын, кара сүргүн салуу анын режими түзгөн бийлик системасынан улам жүргүзүлсө да, бир эле ГУЛАГда миллиондогон кишилер бейажал кырылышса да, добуш бергендердин көбү аны «улуттун жүзү» деп баалаган.

Independent жазганга караганда, Орусиядагы бул сурамжылоонун жыйынтыгында Сталинди өлкөнүн тагдырындагы биринчи киши болгон деп баа берилиши, кантсе да элдер кеменгеринин экинчи дүйнөлүк согуш учурунда сиңирген эмгегинен улам көргөзүлгөн, ошол эле учурда анын кандуу режими канчалык үрөй учарлык болгону эсепке алынган эмес.

Ысмын атаса киши орусия экен деп түшүнө турган инсандар арасында мындан токсон жыл мурда, советтик режим орноп аткан 1918-жылы бир түндө үйбүлөсү менен көзү тазаланган падыша Николай II да бар. Талдоочулар анын өзүнүн кан төгүүчүсү Сталин жана Ленин менен орун талашып калышын акылга сыйбаган көрүнүш дешет. Бул демек, сурамжылоого калктын орто катмарынан чыккандар катышып атканын билдирет дешет.

Анализчилер оозундагы дагы бир кеп «эмне үчүн калк падышалык же коммунисттик мүдөөдөн алыс инсанды тандай алышпайт?»,- болууда. Ага жооп издегендердин бири, адам укугун корогоочу «Мемориал» уюмунун эксперти Анна Пастухова, сурамжылоонун артында бийликтин өз добуш берүүчүлөрүн алдын ала даярдоо болуп атканын айтат:

- Мунун кандайдыр бир оң жыйынтыгы да бар. Эмне дегенде ал коомдогу жалпы манайды текшерип алуу үчүн жасалып атат.

Дагы бирөөлөр болсо бийлик байкабай сурамжылоо жүргүзө коюп, эл арасында нагыз маанайдын бетин ачып алды дешет.

Эмнеси болсо да бейшемби, 17-июль күнү сурамжылоону сунуштагандар капилеттен эле техникалык жактан мүчүлүш болуп атат дешип, анын жүрүшүн токтотушкан. Кийин кайра интернеттеги бейбаштардын бут тосуусу табылды деген жооп менен сурамжылоонун уланышына уруксат беришкен. Азыркы тушта алдыда Николай II, андан соң Сталин, Ленин, Высоцкий сыяктуулар баратышат.