МАРАТ КАЗАКПАЕВ: МЭРЛЕР БАТТАН АЛМАШЫП, ЭЛ ИШЕНБЕЙ КАЛДЫ

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Бүгүн Бишкекте шаар мэрин шайлоо өтөт. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна саясат таануучу Марат Казакпаев жооп берди.
- Шаар башчысынын шаардык кеңеш тарабынан шайланышы канчалык деңгээлде демократиялык нормаларга жооп берет?

- Менин оюмча бүгүн өтө турган мэрди шайлоодо кээ бир демократиялык принциптер сакталган. Мэр шайланып жатат. Менин оюмча чоң шаарларда демократиялык принцип толугу менен сакталышы үчүн шайлоого шаар жарандарынын баары катышыш керек болчу.

- Марат мырза, сиз айтып жатасыз шайланып жатканы демократиялык нормаларга жооп берет деп. Эгерде бул жагдайды алып карасак, шаар мэрине талапкерлерди президент сунуштайт эмеспи. Убакыт көрсөтүп турандай дал ушул президент сунуштаган талапкерлер шайланып жатпайбы?

- Андай деле норма боло берет. Керек болсо дүйнөлүк тажрыйбадан карасак, президент өзүнүн талапкерлигин да койсо болот. Эң биринчи мэрди депутаттар эмес, шаардын тургундары шайлаш керек. Президент өзү талапкерди койсо болот.

- Марат мырза, сиз айтып жатасыз элдин баарына маалым болуп эл тарабынан шайланса деп, бирок кечээ биз шаардык шеңешинин төрагасы Айбек Осмоналиевге кайрылдык. Шаар мэрин шайлоо өнөктүгү кандай өтөт, канча талапкер бар деген маалыматтарды сурадык. Айбек мырза “Азаттыкка” маалымат берүүдөн баш тартты. Шаар башчысын шайлоо тууралуу маалыматтын ачыкталбай жаткандыгы эмне себептен болуп жатат деп ойлосуз?

- Менин оюмча албетте анын маалымат берүүдөн баш тартканы туура эмес. Кандай гана шайлоо болсун маалымат берип туруш керек. Бул алардын эң биринчи максаты болуп эсептелет. Булар анда бир нерсени жашырып жатышат.

- Президенттин ишенимдүү кишилеринин бири Данияр Үсөновдун кызматтан алынышынын себебин эмнеден көрөөр элеңиз?

- Президент айтып жатпайбы. Жаңы өнүгүү фондду башкарганга Данияр Үсөнов жарашат деп. Мен ойлойм бул туура эмес. Данияр Үсөнов максаттардын баарын өткөрүп берген мөөнөт болуш керек. Коюлган максаттарды, тапшырмалардын баарын аткарганга мэрге өзүнчө бир мөөнөт бериш керек. Бизде кандай болуп жатат. Тез-тезден эле мэр алмашып, эл да ишенбей калды.

Маегиңизге рахмат.