Түркиянын түштүк-чыгышында куралдуу күчтөр 22 күрт жоочуларын өлтүрдү

Бул тууралуу Түркиянын аскер башчылыгы маалымдады. Кабарларга ылайык, операциянын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү курал-жарак жана ок-дары табылган. Аскердик операция Ирак менен тогошкон Ширнак вилайетинде орун алган. Операция Арарат тоосунда согушкерлер үч немис альпинистти туткунга алгандан кийин башталган.