Жорж Буш Конгрессти ипотекалык каржы базарындагы кырдаалды жөнгө салууга чакырды

АКШ президенти Жорж Буш Конгрессти ипотекалык каржы базарындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча чукул чара көрүүгө чакырды. Президент Буш оор кырдаалга кептелген “Фенни Мэй” жана “Фредди Мак” аттуу эки ири ипотекалык компанияга жардам берүү үчүн иштелип чыккан мыйзам долбоорун бекитүү талапка ылайык болорун белгиледи. Анын аралыгында АКШнын Улуттук банкынын башчысы Бен Бернанке америкалык экономика оор абалда болгонун айтты.