07:40 М.Казакбаев: Шаардык кеңеш Бишкек мэрине Нариман Түлеевдин эле талапкерлигин бекитет

Бул тууралуу саясат таануучу Марат Казакбев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, президенттин 7-июлдагы жардыгы менен шаар башчысынын милдетин убактылуу аткарууга Түлеевдин дайындалышы, бийликтин шаардык кеңешке болгон алдын ала көрсөтмөсү. “Мурдагы бийлик Борис Силаевди жалпы шаар тургундарынын элегине салып шайлоо өткөргөнү демократиялык негизде болгон. Ал эми азыр мэрлер президенттин эле көрсөтмөсү менен шайланып калды”,-дейт Казакбаев. Бишкектин мэрин 17-июлда шайлоо тууралуу жардыкка президент Курманбек Бакиев 10-июлда кол койгон. Ага ылайык Бишкек шаарынын башчылыгына талапкерлерди сунуштоо боюнча Курманбек Бакиевдин өкүлү болуп президент администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов дайындалып, Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңеш менен биргеликте мэрди шайлоону уюштуруп өткөрүүгө милдеттендирилген. (AJ)