Кытайда Олимпиада оюндарын үзгүлтүккө учуратуу аракети буулганы айтылууда

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлаганына караганда, полиция Олимпиада оюндарын үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн кутумдун бетин ачты. Үрүмчи шаарынын полиция башчысы 6 айдын ичинде Синзянь чөлкөмүндө 82 киши кармалганын билдирди. Шаршембиде мамлекеттик пресса полиция Үрүмчиде “ыйык согуш” жарыялоону көздөгөн делинген 5 мусулманды атып өлтүрдү деп маалымдады. Буга чейин Бээжин Синзяндагы жикчилдердин Олимпиада маалында теракт уюштуруу пландарынын бетин ачканын кабарлаган. Укук коргочулар болсо бул –диссиденттерди куугунтуктоо амалы деп айыпташкан.