17:40 Жаштар «Үй-бүлөнү чыңдоо аркылуу-коомду чыңдайбыз» деген ишенимде

Мындай талкуу АКШнын улуттук демократиялык институтунун демократияны колдоо боюнча маалымат борборунда өтту. Облустагы жаш жарандарды өнүктүрүү бирикмеси менен облустук «Акыйкат» гезити «Үй-бүлөнү чыңдоо аркылуу-коомду чыңдайбыз» деген максат менен уюштурган талкууда үй-бүлөлүк чыр-чатактардын алдын алуу, андай жаңжалдарды болтурбоонун себеп-жагдайлары изилденди. Коомдо орун алган кыз ала качуу, тойдогу ысырапкерчилик, ыгы жоктук менен көбөйгөн ырым-жырым, үй-бүлө куруудагы жоопкерсиз жана кайдыгерлик мамиле сынга алынды.Үй-бүлөлүк жаңжал көбүнчө жашоонун оордугу менен турмуштун татаалдыгынан, жеңил ойлуулук менен пикир келишпестиктен келип чыгаары айтылды. Бирикменин эсеби боюнча үйлөнүү тоюна 150 миң сомдон ашык каражат жумшалат. (YA)