Т.ТУРГУНАЛИЕВ: КҮЗДӨ САЯСИЙ КҮРӨШТҮН ЖАҢЫ ТЕПКИЧИ ПАЙДА БОЛОТ ГО

“Азаттыктын” таңкы түз маегинде Баткен облусунда болгон “Ак Жол” партиясынын жыйыны, Жогорку Кеңеш төрагасы Айтибай Тагаевдин 2010-жылы күтүлгөн президенттик шайлоодо президент Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоо чакырыктары туурасында кеп кылсакпы деп турабыз. Түз ободогу маектешибиз “Эркиндик” саясий партиясынын мурунку лидери Топчубек Тургуналиев
Азаттык: Кабарыңыз болсо керек кечээ «Ак жол» партиясынын Баткен облустук жыйынына катышкан парламент төрагасы Айтибай Тагаев 2010-жылдагы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевдин талапкерлигин жок дегенде 95 пайыз колдоп берүүгө элди чакырып кетти. Айрым саясатчылар болсо муну шайлоо жарышын азыртан эле башталышы катары баалап жатышат. Сиздин оюңузча минтип эртелеп үгүт жүргүзүүнүн зарылдыгы бар беле?

Т.Тургуналиев: Биринчиден, президент Курманбек Бакиев бийликтин баардык бутактарын колго алды. Азыр экономиканын көйгөйлүү эбегейсиз курч маселелери бул жакта калды, элдин эбегейсиз жаман абалын оңдоо үчүн бир чечкиндүү чараларды колдонуу болбой жатат. Булар 2010-жылдагы президенттик шайлоо жөнүндө ойлоп жатышат да. Экинчиси, бул парламент деген бийликтин бирден бир көз каранды эмес бутагы болуш керек эле да. Ал эми азыркы Парламент төрагасы Тагаев мырза болсо ал ошол президенттин кошоматчыларынын бири катары иш баштап жатпайбы. Ал эгерде президенттик шайлоо, парламенттик шайлоо таза өттүбү, чыныгы демократиялык маанайда өттүбү дегенге баа бере турган, керек болсо токтом чыгара турган бийликтин бир бутагы да. А булар болсо ошол эле президенттик администрациянын уландысы катары көз каранды бир бөлүмү катары иш кылып жатпайбы. Үчүнчүсү, бул парламенттин төрагасы ошол 2010-жылы боло турган шайлоого катышуучу талапкерлердин эч кимисине тартпастан калыс туруш керек эле да. Төртүнчүсү, мынакей тилекке каршы Орусия, Өзбекстан, Казакстандын жолу менен кеттик. Баягы эле эски замандагы бир партиянын чексиз үстөмдүгү келип жатпайбы. “Ак Жолдун” ичинде каражолчулары, кошоматчылары, саткынчылары эбегейсиз көп. Акыры жүрүп отуруп көрөбүз Бакиевди да сата тургандар так ушул партиянын ичинен чыгат.

Азаттык: Топчубек мырза, кечиресиз ошол эле учурда оппозициянын азыркы абалына кандай баа бересиз?

Т.Тургуналиев: Эми оппозициянын абалы ар кандай. Анын арасында биринчиден, бийлик үчүн ошол оппозицияларга жамынып, оппозициянын кызыкчылыгын, элдин кызыкчылыгын сатып кеткендер бар. Бүгүн “Бакиев бийликтен кетсин” деп жатышып, түнү менен соодалашып эртеси күнү баш министр болуп же губернатор болуп калгандар эбегейсиз көп. Экинчилери аз болсо да тазалары бар. Менин оюмча ушул күздөн баштап таза, эл үчүн жанын сабап кызмат кыла тургандар биригиш керек да. Азыр туш тараптан кайрадан элдин мыктылары бириккиле деп кечээ биз Таластын бир аксакалы менен сүйлөштүм. Ал киши ооруп Бишкекке келген экен. Атайын ушул сөздү айтайын деп келиптир. Ошондуктан бул күндөн күнгө чоң зарылчылык болуп бара жатат. Ошол оппозициянын чыгаандары биригип, иш кылышыбыз керек. Менин оюмча күздө ушул саясий күрөштүн жаңы тепкичи пайда болот го.

Азаттык: Сиздин баамыңызда ошол коомдук саясий абал мындан ары кандай нукта өнүгүшү ыктымал?

Т.Тургуналиев: Саясий абал мындан ары ого бетер курчуйт. Себеби дегенде бир жагынан дүйнөлүк процесстеги эбегейсиз экономикалык-финансылык кризис ал Кыргызстанга түздөн-түз жаман таасирин берип жатат. Мынакей он миң, жүз миңдеген дыйкандар банкрот боло баштады. Себеби дегенде күйүүчү майдын баасы 38-39 сомго чыкты. Ал эми бүгүнкү өкмөт, бүгүнкү аткаруу бийлиги президент баш болгон алдын ала элдин оор турмушун жеңилдетели, экономиканы алдыга жылдыралы деген аркети жок болуп жатпайбы. Былтыркы сентябрда президент баарыбызды сүйүнткөн. Камбарата-2 ГЭСин өз күчүбүз менн курабыз деп. Ал эми бир ай мурда болсо финансы министри айтып жатпайбы акча жок деп. Мына кайрадан курулуш токтоп калды. Демек, Кыргызстанда ушундай президент укмуш нерселерди айта берет. Беркилери таптакыр башка нерсени айтып жатпайбы.

Азаттык: Маегиңизге ырахмат.