«АЗИЯ БАЛДАРЫ» ЭЛАРАЛЫК МЕЛДЕШТЕ 4 МЕДАЛЬ АЛДЫ

4-июлдан 14-июлга чейин Саха Республикасында (Якутия) салтка айланып бараткан эларалык "Азия балдары" турнири өткөрүлүп жатат. Бул мөрөй талашууга 17 өлкөнүн жана Орусиянын 27 аймагынан 8 миңдей жаш спортчу катышууда. Учурда кыргызстандык спортчулар 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байгелүү болушту.
Кыргызстан дагы «Азия балдары» эл аралык мелдешине катышуу үчүн расмий чакыруу алып, өлкөнүн жаш спортчуларын спорт мекемесинин жаңы жетекчиси Александр Воинов баштап бармак. Бээжин олимпиадасына даярдыктар боюнча зарыл жумуштары чыгып Александр Воинов Якутияга баралбай калды. Кыргызстандан отуздан ашуун спортчу «Азия балдары» эл аралык мелдешине катышып жатышат.

Адистердин айтымында, бул мөрөй талашууда 17 жашка чейинки өспүрүмдөр күч сынашып, мелдеш Азия оюндарынын деңгээлинде өтүүдө.

Кыргызстандын намысын коргоп жаткан отуздан ашуун жаш спортчунун катарында жеңил атлетчилер, балбандар, боксчулар бар.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында, мөрөй талашуунун алгачкы жыйынтыктары чыгып, кыргызстандыктар учурда 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байгелүү болушту.

Жаштар арасында дүйнөнүн мурдагы чемпиону Элдар Деникеевдин уулу жөө күлүк Наил Деникеев үч миң метрге чуркоодо марага үчүнчү келип коло байгени утуп алды.

Бишкектик жөө күлүк Богдан Сидеренко 400 метрге чуркоодо марага экинчи келип, күмүш медаль тагынды. Ошондой эле Богдан 800 метрге жарышта дагы коло байгелүү болду.

Кыздардан Ксения Кадкина, Дарья Кремнева баш байгеге талапкер болалбай төртүнчү, бешинчи орунда калышты.

Адистердин баамында дзюдочулар Изати Айдаров, Алишер Шералиев, Тариэл Үсөнов, балбандар Александр Сыдыков, Нурбек Жаркынбаев, бокс боюнча Турат Осмонов, Нурсултан Пазылов, Нурсултан Чынгараев жана башкалар "Азия балдары" мелдешинде баш байгеге талапкер болушу ыктымал.

Алардын кимиси жеңишке жетет, аны алдыдагы мелдеш көрсөтөт.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун пикиринде, бул «Азия балдары» эл аралык мелдештин таасири дурус болгону менен эмдиги жылы Сингапурда өтө турган жаштар арасындагы Азия оюндарынан кийинки тагдыры бүдөмүк.

Эларалык "Азия балдары" мелдеши 1996-жылдан бери өткөрүлүп, жыл өткөн сайын деңгээли жогорулап баратат. Ал эми эл аралык мелдеш катары өткөрүлүп жатканына беш жылга аяк басты.

Мелдештин башкы калысы жана уюштуруучуларынын бири, олимпиада чемпиону кыргызстандык Мария Кулчунованын жолдошу, эркин күрөш боюнча олимпиада чемпиону Павел Пинигин болуп саналат.

Оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку жана олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев баштап барган кыргызстандыктар учурда мөрөй талашууда.