Бүгүн Уимблдондо теннис боюнча мелдеш аяктайт

Эркектердин финалында дүйнөнүн биринчи ракеткасы, швейцариялык Рожер Федерер испаниялык Рафаэл Надал менен беттешет. Кечээ аялдар арасындагы финалдык беттешүүдө америкалык эже-сиңди Венюс жана Серена Уильямс ойноп, Венюс сиңдисин жеңип алды.