12:45 АКШ эгемендүүлүгүнүн 232 жылдыгы Кыргызстанда да белгинүүдө

1776-жылы 4-июлда АКШ Континенталдык Конгресси Улуу Британиядан Көз карансыздык Декларациясын кабыл алган.
Кечээ элчи Мари Л.Йованович бул мааракеге карата жана өзүнүн дипломаттык мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу саясий-коомчулуктун, эларалык уюмдардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кабыл алды.
4-июль АКШда дем алуу күн болгондуктан Бишкектеги элчиликтин кызматкерлери дагы эс алууда. Америкалыктар болсо майрамды жаркылдак атып, шаан-шөөкөттүү жүрүштөр, жаратылышта эс алуу, бейсбол ойноп өткөрүшөт. (GA)