10:40 Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу эркиндигин талкуулаган тегерек үстөл жүрүп жатат

Тегерек үстөл “Достук” мейманканасынын жыйындар залында өтүүдө. Ага “жарандардын тынч, куралсыз чогулуу укугу” тууралуу мыйзамдын автору, ЖК депутаты Исхак Масалиев, Акыйкатчы Турсунбек Акун, Башкы прокуратуранын жана ИИМ өкүлдөрү, укук коргоочулар катышууда.
“Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу укугу” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору ЖК тарабынан 14-июнда жактырылып, мамлекет башчыга жиберилген. Укук коргоочулар бул мыйзам Башмыйзамга каршы келет, жарандардын тынч, куралсыз чогулуу эркиндигине шек келтирет, деп эсептеп, президентти бул мыйзамга кол койбоого чакырышууда.(ZKo)