Орус президентинин Түркмөнстандагы иш сапары башталууда

Дмитрий Медведев бүгүн түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселелерин талкууламакчы. Сүйлөшүүнүн соңунда эки тараптуу бир катар макулдашууларга кол коюлаары кабарланууда. Жылына сексен миллиард куб метр газ чыгарган Түркмөнстан мурунку Советтер Союзундагы өлкөлөрдүн ичинен Орусиядан кийинки эле ири табыгый газ байлыгы бар мамлекет. Орус президенти бул иш сапарынын алкагында кечээ Азербайжанда болгон эле. Түркмөнстандан кийин орус президентинин иш сапары Казакстанда уланат.