Буга чейин эки жылдан бери жергиликтүү соттор менен улутун кыпчака өзгөртүү жаатында талашып келген Баткен районуна караштуу Бужум айылынын тургуну Камчыбек Саматовдун 3-июлда “Азаттыкка” берген маалыматына ылайык, паспортуна өз улутун кыпчак деп жаздыруу үчүн доо арызын эми Жогорку сотко берген. Белгилеп кетсек 2006-жылы июль айында Баткен райондук соту Камчыбек Саматовдун доо арызын канаттандырып, Кыргыз Республикасынын атуулдук-процессуалдык кодексинин 272, 276-беренелерин негиз кылып, анын улуту кыпчак деген чечим чыгарган болчу. (SA)